7-октябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концертке барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү, алардын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын Эл артисти жана Казакстандын Эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын Эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак улуттук эл аспаптары оркестри, «Астана балет» театры, домбрачылар ансамбли, «Арлан» улуттук салттар театры, «Туран» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу, ошондой эле Казакстандын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери бар.
Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылды.