Латвия бийлиги эмделбегендерге дүкөндөргө барууга тыюу салат

Латвия өкмөтү эмдөөдөн өтпөгөн жарандардын дүкөндөргө баруусуна тыюу салат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Кришьянис Кариньшге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Чектөөлөр дүкөндөрдүн ишине таасирин тийгизет. Алар вакцинаны тастыктаган сертификаты бар адамдар үчүн гана жеткиликтүү болот", - деп билдирген Кариньш.

Өкмөт башчысы кошумчалагандай, чектөөлөр окуу процессине таасир этпейт, бирок мектеп окуучулары бет кап кийүүгө милдеттүү. Ал ошондой эле жарандарды аралыктан иштөө режимине өтүүгө үндөп, эгер мүмкүн болсо өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү да ишти дистанциялык режимге өткөрүшөрүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан