Опузалап талап кылуу фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ж.А. кармалды.
Зомбулук колдоном деп коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын, уюлдук телефонун опузалап тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.
Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды.
Бул факты Базар-Коргон РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.