Америкалык инженер жана ишкер Илон Маск микроблогунун окурмандары менен электр учагын куруу тууралуу кыялдары менен бөлүштү. Бул кыял гана, азырынча реалдуулуктан алыс деп жазган Маск.
Мунун баары аэронавигациялык инженер, ишкер жана инвестор Петер Диамандис "Маск башка кандай тармак менен алектене алат?" деп сураганда башталган.
Буга чейин "Forbes" басылмасынын рейтинги боюнча, миллиардер, "Tesla" жана "SpaceX" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск "Amazon" менен "Blue Origin" космостук компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка таштап, дүйнөдөгү эң бай адам деп табылган.