Дүйнө жүзүндө акыркы 40 жыл ичинде азык-түлүккө болгон баалар рекорддук көрсөткүчтө жогорулады. Бул тууралуу "INFOLine" аналитикалык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана башкы директору Иван Федяков билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Федяковдун айтымында, акыркы жүз жыл ичинде азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаганы 1970-жылдарга туура келет. Мындай баанын өсүшү глобалдык финансылык өзгөрүүлөргө байланыштуу.
Иван Федяков ошондой эле ар кандай товарлардын баасынын көтөрүлүшү бири-бири менен байланышкандыгын, бул жылы сезондук товарлардын дагы баалары төмөндөшү мурдагыдай болбогонун белгилеген.
"Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баа акыркы 40 жыл ичинде 27 пайызга жогорулаган. Мунун баары бири-бири менен байланыштуу, анткени баалар жашылча-жемишке же сүткө гана эмес, тоютка жана жер семирткичтерге да өсүүдө. Бул баалардын айлампасы, баалар көтөрүлөт жана көтөрүлө берет", - деген Федяков.