АКШнын Флорида штатынын Хайалиа шаарындагы 31 жаштагы Бриттани Лопес-Мюррей аттуу мугалим мектепте драмалык искусстводон сабак берчү. Бирок жакында ачыкка чыккан маалыматтан кийин ал балдар менен иштөөнү унутууга аргасыз болот. Тагыраагы, мугалим окуучуну азгырды деп айыпталууда. Укук коргоо органдарынын отчётуна ылайык, аял 14 жашар бала менен эки ай бою жыныстык катнашта болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Басылмалар жазышкандай, август айында Лопес-Мюррей өспүрүмгө болгон сүйүүсүн ачык айткан, андан кийин жолугушуулар башталган. Мезгил-мезгили менен мугалим окуучуну баскетбол машыгуусунан алып кетип, ээн жерге алып барып унаасында зордуктачу. Мындан тышкары мугалим бала менен дайыма байланышта болуп турган. Ошондой эле "алар бири-биринен кантип ырахат алышканын" сүрөттөгөн, жылаңач дене мүчөсүнүн сүрөттөрүн жөнөтүп турушкан.
Бул билдирүүлөр мугалимдин кылмышын ачууга жардам берген. Окуучунун эжеси телефонундагы кат алышууну көрүп, бул тууралуу атасына айткан. Лопес-Мюррей жашы жете электи азгырды деген айып менен кармалып, мектептин жетекчилиги мугалимди жумуштан кетирүүнү убада кылган, азыр ал соттук отурумду күтүп жатканы белгилүү болду.