Оренбургда жасалма алкоголдук ичимдик 10 адамдын өмүрүн алды

Оренбург облусунда бир күндүн ичинде он киши жасалма спирттик ичимдикке ууланып каза болду. Дагы бир адамдын абалы оор экендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Оренбург облусунда жасалма спиртке уулануунун кесепетинен 10 адамдын өлүмү катталган. Аймактык бийлик жабыркагандар ар башка жерде жашашканын билдиришти. Кандай спирт өлүмгө алып келгени азырынча белгисиз.

Алдын ала диагноз - "этанолдун уулуу таасири". Массалык уулануудан улам дароо эки кылмыш иши козголду. Алкоголдук ичимдик сатылды делген жерлер көзөмөлгө алынды. Облустук бийлик жергиликтүү тургундарды лицензиясыз ичимдиктерди сатып алууну токтотууга чакырды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы кошумчалат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-10-08 13:10:21
Жакшы болуптур, ичкиле дагы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан