Бишкекте төрөт үйүнөн уурдалган наристенин туугандары медиктерден күмөн санашууда

Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн уурдалган наристенин туугандары дарыгерлерден күмөн санап жатканын айтышууда. Бишкек ШИИБи 6-ноябрда кыздын энеси 1975-жылы туулган Айниса Суранчиева ден соолугуна байланыштуу Улуттук госпиталга жаткырылгандыгы тууралуу маалымат берген. 

        Бүгүн, 8-ноябрда Суранчиеванын кайын сиңдиси Айзада Эсенбекованы таап, байланышканыбызда ал аталган иш боюнча SUPER.KG порталына маалымат берип, жеңеси М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо дарыланып жаткандыгын билдирди.  Анын айтымында, кыздын энесинин 8-октябрда каканак суусу кетип, №2-төрөт үйүнө барган. Бала маалына жетпегендиктен ал жакта “бизде вакуум жок” деп №4-төрөт үйүнө жиберишет. “№4 төрөт үйүндө эки күн операцияга даярдашып, 10-октябрда операция жасашат.  Ал жерде бир тууган эжеси дайыма жанында болуп турган. Бала жаңы төрөлгөндө вакуумда эки күн кармалып,  үчүнчү күнү палатага чыгарылат. Төрөт үйүнөн чыгууга даярдалып жатканда жеңемдин ичи ооруп, 2-3 күн уктабай чыгыптыр. Дарыгерлерден эч кандай жардам болбоптур”,- дейт Эсенбекова. 

    Операция жасаганда медиктер жатынын алып салып, эч кимге айтышкан эмес. Жатынынын алып салынганы тууралуу Суранчиева Улуттук хирургиялык борбордо гана билген. “Аны №4 төрөт үйүндө кесарево жасашканда жатынын алып салып, жеңебизге айтышкан эмес. Табарсыгына бычак тийгизип алышыптыр. Операциядан кийин суюктуктар бөлүнүп чыгышы үчүн түтүк коюш керек экен, аны да коюшпай, абалы оорлоп кеткенде 18-октябрда Мамакеев атындагы хирургиялык борборго (дарыгерлер өздөрүнүн катасын түшүнүп) жөнөтүшөт. УЗИден карашса ар жеринде суу (суюктуктар) топтолгон экен”,- деди Айзада Эсенбекова. 

“Биздин бала 2 килограмм 600 грамм болуп төрөлгөн. 4-ноябрда баланын тамагы жок дегенде биз  алып барып бергенбиз. Бала эртеси күнү жоголот. Жоголгондон кийин 5-6 саат бою медиктер милицияга кайрылышкан эмес. Сыягы, ошол учурда өздөрү бир нерселерди пландап, бир нерселерди чечишкен. Биз бир гана дарыгерлерден күмөн санап жатабыз”,- деп кошумчалайт Айзада Эсенбекова. 

       

Эске салсак, Бишкектин №4-төрөт үйүндө 5-ноябрь күнү саат 00:25те ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай кыз ушул жылдын 10-октябрында төрөлгөн. Энеси 1975-жылы туулган Айниса Суранчиева  ден соолугуна байланыштуу Улуттук хирургиялык борборго жаткырылган. Бул факты боюнча SUPER.KG порталынан кошумча маалыматтар алуу максатында  перинаталдык борборго 2 ирет кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартып коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Bazul
2013-11-08 11:53:11
Азыркы заманда врачтарга ишин тушпосун.табылып калсын эми.
0
bakti-88
2013-11-08 12:11:59
kantip ele jogolup ketsin bul ataun jasalgan iw bolso kerek. al naristenin atasu barbu ozu al kaida jurot bolso?
0
Eliza83
2013-11-08 14:15:26
bakti-88, Атасы Россияда болуш керек.
0
Mudur
2013-11-08 18:54:10
Almabek
2013-11-08 12:41:37
Бул акмакчылык, врачтардан кутсо болот, албетте бул жерде 1-кезекте врачтар куноолу.Врачтарга ишениш кыйын болуп калды азыр. Бир эле оору менен эки врачка корунсон экоо эки башка диагноз коюшат. Мен муну бойрогумду УЗИге текшерткенде байкадым.
+2
laim-limon
2013-11-08 12:46:11
Кыргызстан корупция боюнча 2 орунду алыптыр.
1 орун болуп калбаш учунда взятка берип экинчи орун болуптур. Ушундай болуп жаткандан кийин мындай нерселер болоберет.
+1
Bagirra
2013-11-08 14:49:37
Келинди ушундай ахвалга чейин жеткизип болгон жерин кескилеп анан эч моюндарына албай кайсы беттери м.н жүрүшөт.
Врачтар кайдыгер мамиле кылганыңыр бир күнү болбосо да бир күнү өз үй бүлөңөрдүн да ушундай курмандыгы күтүп тураар.
+1
askat2501
2013-11-08 15:52:23
тиешелуу кызматкерлер не кылып журот, ошол куну иштегендерди жоопко тартпайбы,калп эле журо бербей, сенин кызын жоголсо не кылмаксын,ушул суроону бериш керек ушуларга,ии баарибир биз жазган менен аларга жетпейт,
0
Aitunuk
2013-11-08 17:12:16
Врачтардын үстүнөн дароо сотко бериш керек болчу, жатыны алынганы билингенде эле. Эми алар оору баракчасын өзүлөрүнө ылайыктап жазып коюшту да,анын үстүнө өзүнө айтышпагандан кийин, моралдык да, материалдык да чыгымды төрөт үйү төлөп берет. Наристенин тез арада табылышына тилектешмин. Ал келин эми дагы да эне болуу касиетинен ажыраган экен, өкүнүчтүw
0
nazi25
2013-11-08 17:23:40
Туздон туз дарыгерлердин куноосу бул.Ошол жерде жаткандан кийин доктурлар жоопкерчиликтуу.
0
Mudur
2013-11-08 18:53:25
nazi25, кайдыгерлик... жоопкерчиликсиздик... акча учун да мунун баары
0
Aikokul85
2013-11-08 18:05:29
бул жерде врачтар куноолуу,кандайдыр маафия ойногон.
0
Mudur
2013-11-08 18:51:00
Тообооо!!! Адамдын канынан жаралган жанды эмнеге кыйнайыснар. Энесичи... баласычы... сактанганды кудай сактай, кыздар ошол торот уйуно барбагыла бул биринчи жолу эмес аталган торот уйундогу окуянын чети гана
+1
kaniet
2013-11-08 20:45:30
Бул жерде бир версия: Балким билинбей калса энесине балан олду дешип, баланы сатып жиберишкендир, ошол кунку смендегилерди сураштырса эле чыгат, мына тиешелуу органдар ушуну кылдаттык менен текшерип карашы керек.
0
eva_1988_enjoy
2013-11-08 22:37:56
Бул жерде врачтардын куноосу чон, алардын жоопкерчилиги жоктугу жана врачтык кесипке канааттандырарлык билими жоктугу, ошондой эле Кыргызстандын законун тоготпогондугу кандай гана кейиштуу! Аларды врач деп атоого эми мумкун эмес! Байкуш келинди эмне кылышкан?!!!! Аллах озу жардам берсин, кыздын табылып калышына тилектешмин! Баары айланып келип коррупцияга такалат, ким ишке алган озу аларды?!!
0
KUMU89
2013-11-09 13:13:23
Akyrky mezgilde uwul beitapkana kop soz bolo bawtady. Murunku kylgan iwterida achylat. Bul oorukananyn kyzmatkerlerin tubu m.n almawtyryw kerek. Ozdorun sottow kerek. Adam emes bular, kantip jogolot bala. Bular myndai kylmywtyn dalaiyn kylgandyr. Azyrky vrachtarga iweniw jok, menin agamyn balasy bir jarym ai bolgondo oorup bolnitsaga tuwso, bawyna suu toluptur dep kuchtuu ukol saia berip. Bir jarym ailyk bala koma tuwup kalyp. Al jerden chygaryp bawka jaka alparyp daarylatyk.taanywyn bolbosokyiy
0
mishabay
2013-11-10 02:14:17
Бул кыргызстанда качан медиктер кайдыгерлигин токтотушаар экен?Ооруканага барсан врачынан баштап полжуугуч катындарына чейин керсейишет кыйратып койгонсуп. Барсан канааттанарлык диагноз коюп бере аябай,врачтардын копчулугу пенсияга качаан эле чыгып анан дагы эле иштеп атышкандар,пенсияга чыктыбы эс алыш керек оордун жаштарга берип,бирок"майлуу суттуу"оордун бергиси келбейт да,ошол жерде отуруш керек адамдын кыжырына тийип.Айрыкча Ташкомур шаарындагы врачтар охоо жон эле кудай го,бирок толку жок.
0
burusli91
2013-11-10 12:02:59
Акмак врачтар уйунор ортонуп кетсин кылган ишинер озунордун башынарга да кайтсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан