Бишкекте 5 жаштагы баланын апасы уулуна карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер болгонун айтып арыз жазды

Бишкекте 5 жаштагы баланын апасы уулуна карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер болгонун айтып арыз жазды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 5-октябрь күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, кошунасынын жашы жете элек баласына чара көрүп берүүнү суранып арыз менен кайрылган. Анда шектүү ошол эле күнү саат 15:30 чамасында турак үйлөрдүн бирине 2016-жылы туулган баласын алдап алып барып ыплас иштерди кылганын айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Териштирүү үчүн Ленин РИИБине 2007-жылы туулган бала алып келинип, көрсөтмө берген. Анда ал мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда суракка алынып, ыплас иштерди кылбаганын айткан.

Ал эми соттук-медициналык экспертиза балага ыплас иш-аракеттер болгон эмес деген жыйынтыкты чыгарган.

Учурда териштирүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан