Кечээ, 7-октябрда Ош аба майданында депутат Айнуру Алтыбаева 20 мүнөт учактын жүргүнчүлөрүн күттүрдү деген видео тараган. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына анын себептерин айтып берди.
"Кечээ, 7-октябрда Айнуру Алтыбаева учактын жүргүнчүлөрүн 20 мүнөт күттүрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени учактын кызматкерлери анын ичинде даярдоо иштерин жүргүзүп жатышкандыктан жүргүнчүлөрдү учакка киргизишкен эмес. Айнуру Алтыбаева өзү SUPER.KG порталына "учакты алмашыптыр" деген маалымат берген экен. Эч кандай алмашуу болгон эмес. Болгону белгилүү себептерден улам авиакомпания өзү 20 мүнөт кармаган", - деп билдирди.