Дүйнөдөгү ири шаарлардагы абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality мекемесинин рейтингинде Бишкек аба булганган шаарлардын катарында алтынчы орунда турат.
Саат 12:15те абанын сапатынын индекси 154 (AQI) жана PM2.5 деп белгиленген. Бишкек абадагы PM2.5 концентрациясы учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан абанын сапаты боюнча сунушталган жылдык мааниден 6 эсе жогору.
Ал эми абасы эң кир шаардын сап башына Пакистандын Лахор шаары жайгашса, экинчиге Бангладештин борбору Дакка, үчүнчүгө Индиянын Дели шаары жайгашкан.
