Биз социалдык тармакта

"Эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң". Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын куттуктады

Президент Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпиондугундагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды.

Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык", - деп жазды Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан