Биз социалдык тармакта

Айдоочулардын эсине. Боом капчыгайында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Мындай иштер 11-октябрдан 15-октябрга чейин жүргүзүлөрүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

"Таштарды түшүрүү иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. Эгер 30-40тан ашык унаа топтолуп калса таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан