Молдовановка айылында жайгашкан №31 абактын жетекчиси коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жетекчи А.Т. коррупция фактысы боюнча кармалган.
"Ал өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган. 2021-жылдын 7-октябрында каралган кылмыштын негизинде А.Т. акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.