Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндөгүлөр мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.
Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык айтам.
Кыргыз элине жана жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим этем", - деп жазып калтырган Тыныбекова.
5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттеш аяктарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.
Балбан 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.