Кыргыз өлкөсүнө орусиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы Гриппол плюс вакцинасынын 14 миң 685 дозасы алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна шилтеме берүү менен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору алгач төмөнкү топтогу жарандарга эмдөө жүргүзөт:
- балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына;
- тез-тез ооруп жүргөн балдарга;
- карылар жана майыптар үйлөрүндөгү жарандарга;
- "Тез жардам" бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, жандандыруу бөлүмдөрүндө, Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматында иштегендерге;
- үй-бүлөлүк дарыгерлерге;
- 65 жаштан ашкан адамдарга.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы кеминде 14 күн болушу керек", - деп айтылат маалыматта.