Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Муну бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Кармалган жаран 1961-жылы туулган Х.Жамал. Ал баңгизат кылмышына байланыштуу 2012-жылдын апрель айынан бери издөөдө жүргөн. Айыпталган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери башталды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nur.kg
2013-11-08 12:36:20
Уйушкан топ дегилечи.
-2
nurel50
2013-11-08 19:07:51
nur.kg, jazyshty uiron
0
Doctor
2013-11-08 19:18:40
nur.kg, ха ха ха
0
Almabek
2013-11-08 15:34:22
Бири кармап, бири актап, экоо бирдей шайыр, деген ырдай болуп атыр биягы....
0
aytpaymyn
2013-11-09 00:09:32
анда уйюушкан топ болсо керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан