Тажикстан Орусиядагы жарандарына сакал-мурутуна кам көрүүгө чакырды

Тажикстандын Эмгек, миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиядагы тажик эмгек мигранттары үчүн сунуштарды жарыялады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жарандарына орус жарандарын коркутпоо үчүн сакал-мурутуна кам көрүп, дайыма тарап туруу сунушталат.

"Эгерде сакал-мурутуңуз шариятка ылайык сакталса, анда башкаларды коркутпаш үчүн күн сайын тараңыз", - деп айтылат сунуштарда.

Мындан тышкары, Эмгек министрлиги тажик мигранттарын уруксат берилген жерлерде гана намаз окууга чакырат. Ошол эле учурда эмгек мигранттарына жумуштан кийин бош убакытта китепканаларга, театрларга, музейлерге баруу сунушу дагы айтылган. Бул орус элинин маданиятын, тарыхын, тилин үйрөнүү жана урматтоо катары сыпатталат.

Ошондой эле эгер мүмкүн болсо тажик жарандарына министрлик Орусиянын жогорку окуу жайларына сырттан окууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KG-312
2021-10-09 06:27:53
Талибандардан коркуп, орустун колтугуна кире качышып атканго подход кылып!!!
+16
alimbek94
2021-10-09 08:38:49
Сакал эркектерге жагымсыз көрүнүүгө жардам берет. Сакал кетти ылдый, бирок бир дагы пайдалуу ойду алып келген жок.
-7
Boru-89
2021-10-09 09:14:13
Тазиктер китеп окушту билишет бекен а?
+6
SHahabidin-jabborov
2021-10-09 10:11:53
Boru-89,Тажик улутунан Рфдагы ЖОЖдордо эжеке,агайлар бар !
-1
rafo80
2021-10-09 10:10:52
Театрды коюп жуунуп алышсынчы биринчи.
+10
bond02
2021-10-09 11:18:02
Биздин кыргыз кыздардан сурагыла тажиктерди, ошолор жакшы билишет.
+7
CAPATAH
2021-10-09 17:09:17
Потхалимчилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан