Калифорниядагы Witherell's Auction House аукцион үйү америкалык мафиянын "атасы", белгилүү гангстер Аль Капоненин 174 буюмунун коллекциясын сатыкка койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аукционго легендарлуу бандиттин бир нече куралдары, үй-бүлөлүк сүрөттөрү, эмеректер, Patek Philippe чөнтөк сааты жана зер буюмдары, аны менен катар "Алькатрас" түрмөсүнөн уулу Сонни Капонеге жазган каты коюлган.
"Сатып алуучуларды көбүнчө 25-50 миң долларга бааланган кат жана Капоненин сүйүктүү 45 калибрлүү Colt тапанчасы кызыктырууда. Тапанчанын баасы 100 миң доллардан башталат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми коллекцияларды сатуу чечимин Аль Капоненин 77 жаштагы небереси Дайан Капоне үч эжеси менен кабыл алганын айткан. Алар мындай аракетти сатыкка коюлган буюмдар Аль Капоненин адамдык сапаттарын ачат деп түшүндүрүшкөн.
Белгилей кетсек, "Чикагонун кожоюну" атка конгон колго түшкүс америкалык гангстер Аль Капоне 1899-жылы 17-январда Италиянын Неаполь шаарында жарык дүйнөгө келген. 6-классында банданын толук кандуу мүчөсү болуп, өзүнүн районундагы көчөлөргө ээлик кылып, кайтара баштаган. Капоне уюшкан кылмыштуу топтун көрүнүктүү өкүлү болуу менен катар жумушсуз жарандар үчүн акысыз ашканалар тармагын ачып, кайрымдуулук менен дагы алектенген. Ал "рэкет" деген түшүнүктү калыптандырган.