Аксы районунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айынын башында Жалал-Абад облусунун аймагында жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалымат менен катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аксы районунун 1987-жылы туулган У.М. аттуу тургуну кармалган. Ал мыйзамсыз сактап жүргөн 7,62 калибрлүү "сайга карабин” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 20 даана огу менен алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан