ЖЫЛНААМА, 8-ОКТЯБРЬ: Жаздыктын образы аркылуу таанылган актёр Мурат Мамбетов 66 жашка толду

"Чиркин өмүр" телесериалындагы Жаздык эсиңиздеби? Дал ошол Жаздыктын образы аркылуу кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланган таланттуу актёр Мурат Мамбетов бүгүн, 8-октябрда 66 жашка толду.

Актёрдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "1990-жылдардын башында аябай кыйналдык. Спектакль коюп гастролдойлу десек Союз тарап, эл өз алапайын таппай калды. Кечинде үйгө кетейин десем чөнтөктө 5 сом бар. Маршруткага түшүп кетсем тамекисиз калам. Тамекини тандап жөө кеткен күндөрүм өтө көп болгон. Ушундай кыйынчылыкта дагы башка кесипке өтүп кетпей туруштук бердик. Өзүбүз жарнама чаптайбыз, жүк ташыйбыз, бетибизди гримдейбиз. Эсимде, бир жолу белгилүү эле актёр афиша чаптап жатсам ак костюм кийип өтүп баратып "шордуу десе, көргөн күнүң ушулбу?!" деп шылдыңдады. "Айлыгың канча?" десем "5000 сом" дейт, "меники 20 000 сом" десем унчукпай басып кетти".

  • "Мурдагы никедеги балдарым менен катышып турам. Уулумдун 2 баласы бар. Кызым Мээримдин дагы 2 баласы бар. Менин 3 балам бар. Ал эми азыркы жубайым Венера Сатылганова кичүү баламды карап үйдө эле".
  • "Бир мезгилде театрга эч ким барбай калган. Азыр ал көрүнүш кичине болсо да түзөлүп калды. Жаштар акырындык менен театрга келе баштады. Ал эми элди театрга тартыш үчүн кызыктуу спектаклдерди коюш керек. Элдин талабын түшүнгөн күчтүү адамдар театрга келсе, көрүүчүлөр маданий жайларга тартыла баштайт".

  • Азыркы тамашаларды көрсөм, ырсайып да койбойм. Бирок жаштар жата калып күлүшөт. Ал эми биздин "Күлкүлятор" деген берүүбүздүн ошол кездеги көрөрмандары аябай жакшы кабыл алып, күлүшчү. Азыркылар "бул эмне?" деген сыяктуу сөздөрдү айтышат экен. Ошондон улам күлкү дагы мезгилге жараша өзгөрүп турат экен деп ойлоп калдым".
  • Белгилей кетсек, Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда туулган. Ал "Аян", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой", "Тор", "Күлкүлятор", "Уламыштар" тасмаларына режиссёрлук кылып, айрымдарына өзү да тартылган. Ролдорду берилүү менен ийине жеткире аткаргандыктан айрымдар үчүн фильмдердеги образы "Жаздык", "Композ" деген аттар менен көбүрөөк таанымал.

    8-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-10-09 10:16:13
Жаздыкты билбейт экемин, но композду билем. Волчья ямада сонун аткарган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан