Facebook, Instagram жана WhatsApp тиркемелеринин иши кайрадан үзгүлтүккө учурады

Фейсбук, Инстаграм жана WhatsApp'тын колдонуучулары аталган тиркемелердин иштебей калганына кайрадан нааразы болууда. Бул тууралуу интернет булактарынын кыйрашын жана өчүшүн көзөмөлдөгөн Downdetector сайтына таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, фейсбук тиркемесинин иштебей калышы боюнча эң көп даттануулар АКШ, Улуу Британия, Канада, Германия, Италиядан келип түшкөн. Ошол эле учурда Инстаграмдын иштебей калышы боюнча даттануулар АКШ, Германия, Улуу Британия жана Нидерландиядан, ошондой эле Канада, Италия, Ирландия, Испания, Франция, Орусия жана башка өлкөлөрдөн билдирилген.

Facebook компаниясы социалдык түйүндөрдөгү көйгөйлөрдөн кабардар экенин айтып кечирим сураган.

"Биз билебиз, кээ бир адамдар биздин колдонмолорго кирүүдө көйгөйлөргө туш болушат. Биз мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз жана ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат Facebook'тун Твиттердеги билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 4-октябрь күнү кечки убактан тартып Facebook, Instagram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготкон. Компания иштен чыгуунун так себебин азырынча атаган жок. Бирок кээ бир эксперттер бул көйгөйгө Facebook колдонгон DNS серверлериндеги мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан