Рамзан Кадыров өзүнүн 22 жаштагы кызын Чеченстандын маданият министри кылып дайындады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы улуу кызы республиканын маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн парламентинин спикери Магомед Даудов Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Мен сүйүктүү жээним Айшат Рамзановнаны Чеченстандын маданият министри болуп дайындалышы менен куттуктайм! Ал жооптуу кызматында маанилүү жыйынтыктарга жетип, коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем. Себеби ал маданият тармагын башкарууда бай тажрыйбага ээ", - деп жазган ал.

Даудов белгилегендей, Айшат өлкөнүн өнүгүшүнө, атап айтканда, китепканаларды, маданият үйлөрүн жана театрларды өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон.

Белгилей кетсек, Рамзан Кадыров кызын 2020-жылдын сентябрь айында Чеченстандын маданият министринин орун басарлыгына дайындаган. Буга чейин Айшат бир нече жылдар бою апасы негиздеген "Firdaws" мода үйүн жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-10-09 14:36:28
Мына диктатура. Рамзан, Хабиптердин диндарлыгы жөн эле похазухада.
+8
Datka7777
2021-10-09 14:54:02
Онолбойт го
+3
suban78
2021-10-09 15:12:19
Бизде, демократия онуккон мамлекетте мындай жизин болбойт. Демократиялык жетишкендиктерибизди сакташыбыз керек. Диктатор келсе мамлекет онукпойт.
-4
Belek1710
2021-10-09 15:23:00
22 жаштагы кызда башкарууда кандай бай тажрыйба болмок эле, тажрыйба алганы ушул ишке барды да, өтө эле жаш али!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан