Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан Марлен Асикеев алгачкы жүрүшүндө украиналык Алексей Масюк аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн партер берилип, кыргыз балбанына калыстар бир упай ыйгарды. Партерде Марлен Асикеев дагы төрт упайлык ыкма жасады.
Экинчи бөлүктө калыс кыргыз балбанын партер абалына коюп, атаандашка бир упай берди. Атаандаш партерден 2 упайлык ыкма жасады.
Жыйынтыгында кыргыз балбаны 7:4 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты. 1/8 финалда Марлен Асикеев жергиликтүү балбан менен кез келет.