Баткенде аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан мөмө-жемиштерге бөгөт коюлду

Баткен облусунда милиция кызматкерлери тарабынан аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"8-октябрь күнү Баткен шаарынын аймагында коңшулаш Тажик өлкөсүнөн аткезчилик жол менен ташылып кирген кургатылган мөмө жемиш, күрүч ташып бара жаткан оор жүк ташуучу автоунаалар кармалган. Учурда бул окуя Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Буга улай ошол эле күнү Лейлек районунун Булак-Башы айылынан Бешкент айыл аймагына кеткен айланма жолдон Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүүдө унаага тийиштүү документтери жок 330 кутучага лимон жүктөлгөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Лейлек РИИБине катталып, чогултулган материал бажы кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2021-10-09 20:11:14
Ушундай аткезчилик жолу менен бара жаткандардын бардык товарын балдар уйуно откозуп салуу керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан