Ливан өлкөсү толугу менен электр жарыгысыз калды (фото)

Өлкөнүн эң ири эки электростанциясы иштен чыккандан кийин Ливан өлкөсү толугу менен жарыксыз калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн толугу менен электр жарыгысыз калышына эки ири электростанциясы Дейр Аммар жана Аль-Захрани электр станцияларына күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болгон. Бул өлкө боюнча электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Мындай катастрофа бир нече күнгө созулушу мүмкүн.

17-августта Бириккен улуттар уюму Ливан өлкөсү катастрофа болбошу үчүн күйүүчү май жана электр энергиясына тезинен муктаж экенин жарыялаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан