Баткен облусунун Кадамжай районунда Toyota Avensis менен Honda Odyssey унаалары сүзүшүп, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"9-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында (Өндүрүш айылы) Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгына жалпы 10 адам учурап, анын ичинен 3 жаран каза болуп (1 эркек, 2 аял), 7 жаран жабыркаган (5 эркек, 2 аял). Каза болгон эркек адамдын сөөгү Айдаркен жана Кадамжай шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген, ал эми жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти ӨКМдан.
Куткаруу иштерине Кадамжай райондук №76 ӨККБдан 3 куткаруучу, "Тез жардам" кызматы жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.