Москвадагы Чоң театрдын артисти Евгений Кулеш "Садко" операсын көрсөтүү учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Москва шаарындагы Чоң театрда 37 жаштагы артист Евгений Кулеш сахнанын декорациясы алмашуу учурунда каза болду. Сахнанын декорация механизми ылдый түшкөн маалда артист алдында калып калган жана ал кетүүгө үлгүргөн эмес.
Күбөлөрдүн айтымында, Евгений Кулеш сахнанын алдына жылышы керек болгон, бирок ал тескерисинче артка жылган. Укук коргоо органдары декорация сахнага 1,5-2 м/сек ылдамдыкта түшүрүлгөнүн, бирок маркум ызы-чуудан улам башка жакка кетиши керек экенин уга албаганын тактады. Ал эми декорациянын салмагы эки тоннага жакын болгон.
Окуя болгон учурда спекталь дароо токтотулган жана көрүүчүлөрдүн залдан чыгып кетүүсү талап кылынган.
Учурда тергөөчүлөр окуянын жагдайларын аныктап жатышат. Ал эми театрдын администрациясы бардык зарыл болгон жардамды көрсөтөт.
Белгилей кетсек, Евгений Кулеш 2002-жылдан бери аталган театрда эмгектенип келген.