Татарстанда парашютчулары менен учак кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-октябрь күнү Татарстандын чыгышындагы Мензелинск районунда жеңил моторлуу L-410 учагы кулап түшкөн. Учак кырсыгынан 16 адам каза болуп, жети киши тирүү табылган жана жабырлануучулардын биринин абалы оор.
Аймактын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бортто 20 парашютчу жана экипаждын эки мүчөсү болгон. Кийинчерээк департамент учакта 23 адам болгонун тактаган.
Маалыматтарга караганда, учкуч авариялык конууга аракет кылган, бирок жерге конуу абдан катуу болгондуктан учак экиге бөлүнүп өрттөнгөн.
Учурда жабыркагандар Мензелинск борбордук аймактык ооруканасына жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө. Ага 50 адам жана 17 техника тартылган.