АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин огунан каза тапкан Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүн эртерээк жана деталдуу иликтөө зарылдыгына көңүл бурду. Пенсильвания штатынын полиция башкармалыгы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, учурда окуяны иликтөө үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы маалымдалган", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул маселе министрликтин жана Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.
Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.