12 түрдүү образда даярдап... Айгерим Расул кызынын жеке концертинен сүрөт баян жана видеорепортаж

10-октябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызы "Келем сага" аттуу жеке концертин өткөрдү. Бул концерт Айгерим Расул кызы үчүн кош майрам болуп, туулган күнүн да белгиледи. Тагыраагы, ырчы айым бул күнү 30 жашка толду.

Айгерим Расул кызынын туулган күнүн куттуктап сахналаш достору Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, кош жылдыздар Аваз Акимов жана Айдана Дека, Малика Дина, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Кызсайкал Кабылова келди.

Ырчынын "Түнкү Бишкек", "Өзүң эле", "Эсиңдеби", "Роза", "Келем сага" жана башка ырлары спорт ордону шаңга бөлөдү.
Ырчы айым атасы Расул Маматкулов жана сиңдиси Аяна Расул кызы менен биргеликте күйөрмандарына ыр тартуулашты.
Айгерим Расул кызы бул жолку концерттин өзгөчө өткөндүгүн белгиледи.
"12 түрдүү образда даярданганбыз, бирок экөөсүнө жетишпей калдык. Ал эми концертке кеткен каражат сыр бойдон эле калсын", - деди ырчы айым.
Айгерим Расул кызы
Дээрлик үч саатка созулган концерттик программа көрүүчүлөрдү кызыктырган оюн-зооктор менен коштолду.
Концертте алып баруучу Канат Шабданбеков болду.
Айгерим Расул кызынын туулган күнүндөгү концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aika2013
2021-10-11 09:16:45
Жанылануу жок, мурунку эле образдары го
-2
Luntik
2021-10-11 09:24:24
сонун болуптур азамат
0
alimbek94
2021-10-11 13:36:09
Баардык образдар жарашыптыр. Татынакай болуп калыптыр.
-1
KaGaH
2021-10-11 22:29:55
Койчу айланайын кыйналбачы, мен лучше [moderated]дан Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Асылбек Өзүбековдун ырларын угуп эс алам,шарлатандардын концертинде эмне бар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан