Көзүнө жаш алып. Айгерим Расул кызы концертте апасына ыр арнап, гүлдесте сунду

10-октябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызынын "Келем сага" аттуу шоу-концерти болуп өттү. Концертте ырчы айым апасы Катя Маматкуловага ыр арнап, гүлдесте сунду. Ал эми апасы сүйүнүчүнөн улам көзүнө жаш алды.

Мындан тышкары ырчынын атасы Расул Маматкулов да "Көрүшкөнчө" аттуу ырын ийине жеткизе аткарып, көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Дээрлик үч саатка созулган бул концертти кызыктуу оюн-зооктор жана ыр-бийлер көркүнө чыгарды.

Белгилей кетсек, концерт 7 дубанда да тартууланмакчы.

Айгерим Расул кызы апасына гүл десте сунуп...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан