Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сары Кемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Казакстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон.
Бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имаратка зыян келген жок.
Эске салсак, буга чейин, 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыкканы кабарланган. Анда 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алганы маалым болгон.