Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып бир адам каза болду. Учурда аты-жөнү такталууда

Чүй облусунда турак үйдөн өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү саат 23:35 чамасында ӨКМга Москва районуна караштуу Петровка айылындагы Водоемный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине бир бөлүм тартылып, саат 00:05те өрт чектөөгө алынган жана 01:00дө толук өчүрүлгөн.

Жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда. Өрттүн кесепетинен каза болгон кишинин аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан