"Ээнсиреген үйдөгү" Аселдин ролун жараткан актриса Марал Койчукараева мигранттар арасында сулуулар сынагында вице-мисс наамын жеңип алды

Орусиянын Москва шаарында мигранттар арасында сулуулар сынагынын финалы болуп өттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, аталган сынактын жыйынтыгында, эң сулуу мигрант 25 жаштагы өзбекстандык Рушан Каримова болду.

Мигранттар арасындагы сулуулар сынагына 13 мамлекеттин атынан 50 ат салышкан. Алардын арасынан 10у (Тажикстан, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү, Түркмөнстан жана Якутия) финалга чыккан.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактардын өтүшү эл аралык мамилелердин бекемделишине түрткү берет.

Аталган сынакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан Марал Койчукараева вице-мисс наамын жеңип алды.

Жеңүүчүлөргө акысыз жогорку окуу жайда билим алуу жана квалификациясы жогору курстарды окуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Белгилей кетсек, Марал Койчукараева 1990-жылы 25-январда Ош шаарында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетине ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Бул ролу аркылуу актриса катары көпчүлүккө таанылган. Актриса көп жылдан бери уулу менен Москва шаарында жашап, эмгектенип келет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан