Талас шаарындагы "Kerben Palase" мейманканасында кечээ түнү белгисиз адам түн ичинде кирип келип, чыр-чатак чыгарып, мейманканада жаткан адамдардын тынчын алганын Фейсбук баракчасында Авланбек Жумабаев жазып чыккан.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына 11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу келип түшкөн. Анда Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан "Кербен Palase" мейманканасынан белгисиз жаран эшиктерди сындырып, чатак салып жатат деп билдирүү келип түшкөн.
Ал жерге ошол замат Талас ШИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну О.С. аттуу жаран мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы аныкталган.
"Андан тышкары ошол мейманканада токтоп турган Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасынын арткы чоң айнегин жана Ниссан унаасынын капталдагы айнегин сындырып салганы аныкталган. Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган. Учурда шектүү эч жерде иштебейт. Аталган факты Талас ШИИБинде маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына "ээн баштык" фактысы менен катталып, шектүү адам милиция кызматкерлери тарабынан ШИИБге алып келинип, тергөөдө сурак берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган факты боюнча кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.