ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Учурда дагы Кыргыз жарандары изделип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9 айында өкүлчүлүккө Орусияда дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары кайрылган. Издөө иштеринин натыйжасында, 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.
Быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси өлүкканадан табылса, 1 жарандын аты-жөнү такталган эмес. Дагы бир 1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран кылмыш кылгандыгы үчүн эркинен ажыратылып кеткени белгилүү болгон.
Өткөн жылдан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган. 4 жаран туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышкан.
Учурда дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган иш-чаралар көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.
Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жогоруда аталган дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (926) 890-87-00 телефону аркылуу ишеним телефонуна маалымат берүүнү суранат.