Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 54 жаштагы тургун өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн Нарын ОИИБи кабарлаган.
Кыздын абалын билүү үчүн SUPER.KG порталы Жумгал райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектургановага байланышты. Анда ал буларга токтолду.
"Кыз учурда Жумгалда эжесинин колунда. Кызга башкармалык тарабынан реабилитациялык жардам көрсөтүлүүдө. Психологдор иштеп жатат. Эми, албетте, жаман окуя болду. Кызга бир аз оор болуп жатат, бирок биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз", - дейт Бектурганова.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, шектүү 2010-жылы жубайын өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган.
"Шектүү 2010-жылы үй-бүлөлүк уруш-талаштан улам аялын өлтүргөн. Экөөнүн ортосунда 5 баласы калган. 4 уул, бир кыз. Ошондо азыр зомбулук кылган кызы бир жарым жашта болгон. 5 баланын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон. Мыйзамдуу өкүлү балдардын чоң энеси болуп, ал балдарды өзү багып калган. Чоң энеси балдарды өтө жакшы караган, балдар мектепте окуп, тыкан, таза жүргөн. Ал кезде да биздин карамакта болгон экен. Бирок шектүү киши жазасынын 8 жылын өтөп бүткөн соң чоң эне сотко кайрылып, "мен карып калдым, атасы балдарын өзү баксын" деп тийиштүү документтерди чогултуп, абактан чыгарып алган. Шектүүгө пробация мыйзамы колдонулуп, ошонун негизинде көзөмөлдө болуп келген", - дейт Бектурганова.
Кызды атасы зордуктап жүргөнүн алгач туугандары билишкен.
"Ушул жылы сентябрь айында кызды эжелери Бишкекке алып келип, окууга кийим алып беришмек. Бирок атасы анын шаарга баруусуна каршы болуп жатып араң жөнөткөн. Кыз жолдон эсин жоготкондон улам туугандары аны ооруканага алып барууну чечишкен. Бирок кыз ыйлап, барбай турганын айткан. Ошондо алар себебин сурашканда ал ыйлап, атасынан зордук көрүп жүргөнүн айтып берген. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында ал зордукталганы аныкталган.
Азыркы учурда кыз мектепке бара элек, балким, шаарга кетип калышы мүмкүн. Себеби ал дарыланууга, ар кандай жардамдарды алууга муктаж. Азыр ошол жагын карап жатабыз. Кыз өзү көп сүйлөбөйт, жоош. Ал мектепте жакшы окуп, тыкан кийинип жүргөн. Ал эми балдардын чоң апасы ооруп Бишкек шаарында.
Шектүүнүн 4 уулунун экөө мектепти аяктаган, бирөө Бишкектеги музыкалык окуу жайда билим алат, бири кыз менен чогуу эжесиникинде. Кыздын атасы намаз окуган, ичимдик ичпеген, айылда трактор айдап, мал багып иштеп жүргөнү белгилүү болду", - деди Аида Бектурганова.