Талас облусунда КамАЗ машинасынын айдоочусу жүк ташуу эрежесинин бузгандыгынан айынан машинасын өрткө жалматкан. Бул тууралуу ӨКМнүн басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирет.
Айдоочу бир таңгак чөптү машинасына таңып байлап, алып келе жатканда, таңгак чөп чыңалуудагы өткөргүчкө (провод) илинип калып, чукул туташуудан (же учу бириге калуу, замыкание) учкун чыгып, чөп өрттөнгөн. Айдоочу өрттөнүп жаткан машинадан секирип түшө качып, аман калган.