Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милиция кызматкерлери алты ай мурун алтын буюмдарды уурдап, качып жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 9-мартта Ак-Суу РИИБине Теплоключенко айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар үйүнөн алтын буюмдарды уурдашканын билдирген. Жабыркаган адамдын айтымында, 8-март күнү үй-бүлөсү менен мейманда болушкан. Үйүндө эч ким жогунан пайдаланган белгисиз адамдар эшиктин кулпусун сындырып кирип, бөлмөдөн жалпы баасы 80 миӊ сомдон ашкан алтын буюмдарын уурдап кетишкен.
Аталган арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Кылмыш орун алган жерден божомолдуу болгон жарандын бармак издери алынган. Алынган бармак издери изилдөөдөн өткөрүлгөндөн кийин мурда соттолгон, 30 жаштагы жергиликтүү тургун Т.Э. экени аныкталган.
Анын жашаган жери боюнча текшерүү жүргүзгөндө, кылмыш болгон күндөн кийин Т.Э. белгисиз тарапка кеткендиги белгилүү болгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүү издөөгө алынып, алты айга жакын убакыт өткөндөн кийин Бишкек шаарынын базарларынын биринде уурдалган алтын буюмдардын бири сатылгандыгы жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча кылмышка шектүү жарандын жашаган жерин аныктоого мүмкүн болгон. Шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү уурдоо фактысы боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.