Бишкек шаарында төрөлгөн 3 эмге балбан кыздар Айсулуу Тыныбекованын, Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын атын ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы 3 эмдин апасы Бермет Дубашевага байланышканыбызда билдирди.
"Үч эм наристелерибизге чемпион болгон кыздарыбыздын ысымын ыйгардык. Айсулуу, Айпери жана Мээримдикин уйкаш болсун деп Ай-Мээрим деп койдук. Наристелеримди 5-октябрь күнү Дүйнө чемпиондугу башталганда жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары 1 килограмм 800 грамм, 2 килограмм 160 грамм жана 2 килограмм 170 грамм.
Салмактары кичинекей болуп төрөлгөнүнө байланыштуу ырымдап, балбан кыздарыбыздын күчтөрүн кыздарыма да берсин, күчтүү болуп ооруканадан аман-эсен чыгып кетели деп койдук. Учурда өзүмдүн, наристелеримдин дагы абалы жакшы", - деп билдирди Дубашева.
Бермет Дубашева Ысык-Көл облусунун Тоң районуна келин болгон, учурда Бишкек шаарында жашайт.