Сузактагы өрттөнүп кеткен айыл өкмөттүн имараты. Кызматкерлер башка имаратта ишин улантат

Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. SUPER.KG порталына аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Бекзат Абдурашидов иш орду мурдагы паспорт столго көчүрүлүп жатканын билдирди.

"Айыл өкмөттүн биринчи кабаты толук күйгөн, өрт экинчи кабатка өткөн эмес. Биз кечээтен бери иш ордубузду көчүрүп жатабыз. Эртең жалпы жамаат жумушка чыгат.

Өрт эс алуу күнү орун алгандыктан, эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат жок. Тийиштүү кызматкерлер аныктап жатат", - деди айыл өкмөт башчы Бекзат Абдурашидов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан