Амортизатор иштебей калган. Казакстанда аял экстремалдык секирүү учурунда каза болду

Казакстанда 33 жаштагы аял жип менен бийиктиктен секирүү учурунда (роуп-жампинг спорту) каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Казакстандын Караганда облусунда болгон. Анда 33 жаштагы аял көп кабаттуу мейманкананын үстүнөн жип менен жерге секирген. Бирок белгисиз себептерден улам секирүү учурунда адамды жерге жеткирбей артка тартып кетүүчү кызмат иштебей калгандыктан аял жерге кулап түшкөн.

Облустагы саламаттыкты сактоо башкармалыгынын берген маалыматына караганда аял өтө оор абалда ооруканага жеткирилген жана ага дароо операция жасалган. Бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Жакындарынын айтымында,

Каза болгон аял бийиктиктен секирүү спортун жактыргандардын бири болгон жана буга чейин бир канча жолу секирген.

Анын артында күйөөсү жана 2 баласы калганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2021-10-12 20:57:37
Аянычтуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан