Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:20 чамасында Жукеев–Пудовкин көчөсү менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda Аrma үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1981-жылы туулган Н.А. аттуу айдоочу өзүнүн мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябр РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.