Министр Кайрат Иманалиев Кара-Кулжадагы маданият мекемелеринин абалын көрүп чыкты

Кечээ, 10-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кара-Кулжа районундагы райондук маданият үйү, китепкана жана Р.Абдыкадыров атындагы райондук музыкалык мектебинин эмгек жамаат менен жолугуп, иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө райондук маданият мекемелеринин учурдагы ишмердүүлүгү башка райондорго үлгү катары экенин баса белгилеп, айрыкча музыкалык мектептин заманбап ремонттон өтүшү, жаңы багытта мыкты билим берип жаткандыгын, китеп фондунун байлыгы жана маданият бөлүмүнүн жигердүү иш алып барып жатканына күбө болгон.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында райондогу маданият өкүлдөрүнүн мындай натыйжалуу иш алып барып жатканын баса белгилеп, жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен 2022-жылы элеттик маданиятты көтөрүү форумун Кара-Кулжа районунун мисалында өткөрүүнү сунуштап, бир катар тапшырмаларды берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан