Өзбекстанда жаңжал учурунда эркек адам аялдын чачын жулуп алды (видео)

Коңшу Өзбекстанда жаңжал учурунда эркек адам аялдын чачын эки ирет жулуп алган видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодо аялдардын мушташы учурунда бир киши капталдан чуркап келип, аялдын чачын эки ирет жулуп алганын көрүүгө болот. Алгач укук коргоо органдарынын эки кызматкери мушташкан аялдарды бөлүүгө аракет кылышкан. Бирок алар мушташты токтото алышкан эмес.

Өзбекстандын укук коргоо органдары бул видео боюнча азырынча комментарий бере элек.

Социалдык тармактардагы комментарийлерде айтылгандай, окуя Өзбекстандын Жиззах облусунда болгон. Чыр-чатактын келип чыгуусуна аялдардын биринин уулу башка бирөөнүн жуурканына бутун аарчып булгап койгону себеп болгон.

Өзбекстанда жаңжал учурунда эркек адам аялдын чачын жулуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nazira...
2021-10-11 20:09:35
Айланайын, бала бутун жуурканга арчып койгон үчүн эркек адам аралашпай эле койбоптур.
+3
asefsa
2021-10-11 20:11:10
Тообаа, тооба кылдым,тытышып аткан аялдардан отуп кетиптирго ногу эркек, баарына ынсап берсин Кудай!
+3
Katrina.
2021-10-11 20:52:23
Тошогун тебелетип деген ойношу бар дегенди билдирген,кыргызча чыгармаларда ошентип жазылган.Может аялынын ойношудур жаш бала эмес эле
0
Mister-XXX
2021-10-11 23:18:33
Katrina.,"Аялдардын биринин уулу экинчинин жуурканына бутун аарчып койгону себеп болгон"- деп жазылып турат го.Ойношко өтүп кеттин го...
+4
Katrina.
2021-10-13 00:03:26
Mister-XXX,Кечиресин уулу дегенди пропустила.
0
KaGaH
2021-10-12 00:10:13
Katrina., төшөкө жакын окшойсуз
+2
Katrina.
2021-10-13 00:04:27
KaGaH,Кой алыс элемин,45ке чыкканда каяктан жакын.
0
Senator
2021-10-11 23:14:17
Шакалго
+1
Miraida93
2021-10-12 10:12:50
менттер видеого тартып атышат)))
+2
Nursul
2021-10-12 13:08:12
Не деп сүйлөгөнүн да түшүнбөйсүң го ой эле ой дейби эмне деп атат, 4 5 ит бир итти талагандай эле болуп калган го. Кече күнү бир жөжөмдү башка жөжөлөр башынан чокулай берип башында жүнү жок кыпкызыл болуп калыптыр тиги таяк жеп аткан аял ошондой эле болуп калса керек.
0
Katrina.
2021-10-13 00:06:24
Бироонун уйуно кирип эмнеге тебеледи экен аа тооба,бизде эрте менен тошокторду жыйып таштайбыз го тасырайтып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан