Желим өтүк кийип, унаа жууп жаткан... Милиция өзгөчө оор бир нече кылмышка шектүүнү кармагандагы видео

Бишкекте өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине "Х" каймана аты бар адам жанында курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери Бишкек ШИИББинин спецназдары менен биргеликте кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган С.Ж. аттуу жаранды кармаган. Жеке текшерүү учурунда номерлери өчүрүлгөн "PM" маркасындагы ок атуучу курал табылган. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин ал төмөндөгү беренелерге ылайык издөөдө жүргөн:

231-берене — "Кылмыштуу топту уюштуруу";

97-берене — "Адам өлтүрүү";

172-берене — "Автотранспортту мыйзамсыз ээлеп алуу";

164-берене — "Уурулук";

168-берене — "Каракчылык";

245-берене — "Атуучу куралды уурдоо";

174-берене — "Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу";

348-берене — "Мөөрлөрдү жана расмий документтерди уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу".

Бишкекте өзгөчө оор кылмышка шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KaGaH
2021-10-12 01:31:44
Мойкада иштейт окшойт,резина өтүк кийип жүрөт,пистолет менен,)))) спектакль
+10
SHaidulda
2021-10-12 01:52:40
Чорныйлардан окшойт
+3
Rakyl12
2021-10-12 10:44:47
Маалымат келип тушпогондо таба алмак эмес экенда.
+8
ainura220888
2021-10-12 11:35:23
Спортивный шымдын артына пистолети озунор эле тыгып койгонсунарго
+5
Aza030393
2021-10-12 12:22:26
Кастюм шым кийгизип мал бакттырып кармагандай эле корунуш))
+2
Kamchy-bek
2021-10-12 12:24:13
Х каймана аты бар дейт, бир Хокуй экен да бир
+4
surgeon777
2021-10-12 13:20:57
Пистолетин кыстарып алып унаа жууп журуптурбу?
+6
Jibani
2021-10-12 13:46:37
Биздин депутаттар менен милициялар Аман эле болгулачы
+6
Uli6886
2021-10-12 16:59:35
Пистолет точно постава трикого пистолет кыстарып алып машина жууп журушту элестет эми. Башка кылмыштарга байланышы болгондур бирок пистолет точно менттердин кылганы!
+2
bakytsabyrovich88
2021-10-12 20:49:14
Мультфильди деле минтип тартпайт,кичине кудайды карап окшоштурсанар боло
+1
Kari
2021-10-13 17:19:34
Бир бечараны тыгып коет да,делону жабыш учун.Кичинекей кино тартышкандай эле го бул жагы.Уялышпайт дагы,ким ишенет экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан