Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну пландап жатат. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айтты.
"Мен саясатка аралашпай эле коёюн деп ойлогом. Бирок ал жерде кээде элге жардам берип калат экенсиң. Эл арасында жүргөндө "агаңыз чоң саясатка аралашып, республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип жүрөт" деп айтып калышат. Ошондуктан өзүбүздүн региондон бир мандаттуу депутат болуп, социалдык көйгөйлөрдү айта турган депутатыбыз болсо деген сунуш түшүп жатат.
Азыр ойлонуп, бир туугандарым, жакындарым менен кеңешип жатабыз. Мен ушул кадамга барат окшойм деп ойлонуп жатам. Себеби элдин жүгүн аткаруу үчүн биз жаныбызды аябайбыз", - деди Шаирбек Ташиев.
Шаирбек Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинин мурдагы депутаты болчу.