Новопокровкадан жоголгон 2 баланын ата-энеси элден балдарды табууга жардам берүүнү өтүнөт

2013-жылдын 6-ноябрында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынан 2001-жылы туулган Ырыскелди Шаботоев жана 2008-жылы туулган Нурсултан Медербековдун жоголгондугу тууралуу ММКларга маалымат түшкөн. Маалымат боюнча аты-жөнү жогоруда аталган балдар 3-ноябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес.

Бул факт боюнча биз, SUPER.KG порталынын кызматкерлери, жоголгон балдардын ата-энеси менен 7-ноябрда эртең менен байланышка чыккан элек. Жоголгон Ырыскелди Шаботоевдин атасы 33 жаштагы Нурлан Шаботоев балдар Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы таенеси Сүйүнбүбү Жакыпованыкында каникулдарын өткөзүп жүрүп, 3-ноябрда жоголгондугун билдирген.

Бүгүн, 8-ноябрда дагы балдарды издөө иштери жыйынтыктары тууралуу билмекке кайра Нурлан Шаботоевге кайрылдык.

Нурлан: “Балдар табыла элек. Тууган-туушкандар жана Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери жана башкалар болуп издеп жатабыз. Новопокровка айылынын тургундарынан балдар тууралуу сураштырсак баары эле “билбейбиз, көргөн жокпуз” дешет. Ушунусу таң калычтуу болуп жатат. Бирөө- жарымы көрсө да айткысы келбей жатат окшойт. Ушул жана башка жагдайлардан улам бизге, 2 баланын ата-энесине бир ой келүүдө: мүмкүн бирөөлөр машинасы менен сүзүп, анан коркуп, не кыларын билбей өзү менен ала кеткен да, эми кайра кайтарып берүү жолун таба албай жатат окшойт деген. Эгер ушундай болсо, алып кеткен адам балдарды эл жашаган бир жерге таштап кетишсе болот эле. Балдар аман болсо, биз соттотпойт да элек. Бизге башкысы балдардын амандыгы. Биздин ушул өтүнүчтү сиздер SUPER.KG порталыңыздар аркылуу элге жеткирип койсоңуздар экен”,- деп маалымат берди.

Эскерте кетсек, жоголгон балдардын сырткы сүрөттөлүшү төмөндөгүдөй:

Ырыскелди Шаботоев: бою 150-155 сантиметр, кой көздүү, кара чачтуу. Күрөң күрмө (куртка), көк түстөгү свитер жана спорттук шым кийип жүргөн.

Нурсултан Медербеков : бою 115 сантиметр, кой көздүү, чачы кыска. Кызыл күрмө (куртка) жана көк жынсы шым кийип жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurel50
2013-11-08 20:58:57
Aman esen kaityp kelishti Allahtan tileyli
0
volk7
2013-11-08 21:49:17
Kudai ozun sakta aman-esen boluwsun
0
temirlan85
2013-11-08 22:57:28
маркум депутат Руслан Шаботоевге тууганчылыгы бар окшойт, аман болушсун балдар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан