"Кеч келдиңер". Бишкекте эркек киши "Тез жардам" кызматынын айдоочусун сабап салды

Бишкекте эркек киши "Тез жардам" кызматынын айдоочусун сабап салды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда 103 кызматына чакыруу түшүп, анда келиндин толгоосу келип жатканы айтылган. "Тез жардам" кызматы айтылган дарекке жөнөп кеткен.

"Аялдын күйөөсү "кеч келдиңер" деп айдоочуну сабап салган. Андан соң аялын алып, төрөт үйүнө такси менен кетип калган. Эртеси, 10-октябрда жабырлануучу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталган. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан